close
Мазмунга өтүү

Париж

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Париж
Image
Желек Герб
Желек Герб
ӨлкөФранция
РегионИль-де-Франс
ДепартаментПариж
Координаттар48°50′ с. ш. 2°20′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү20 округ
МэрАнн Идальго
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнүIII кылым
Мурунку аталышыЛютеция
Аянты105,4 км²
Борборунун бийиктиги33 м
Убакыт аралыгыUTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Калкы2 196 936 адам (2015)
Жыштыгы21 283 адам/км²
Агломерация10 620 000 (2011)
Этнохоронимпариждик, париждиктер
Сандык идентификаторлор
Почта индекстери75001—75020 жана 75116

ПарижФранциянын борбору. Сена дарыясынын боюнда (Марна, Уаза дарыясынын чатында), Франциянын борбордук бөлүгүнүн түндүгүндө жайгашкан. Европанын эң байыркы шаарлардын бири.

Шаар айланасы (Версаль, Сен-Дени, Иври, Аржантёй, Дранси ж.б.) менен биригип, Чоң Париж шаар агломерациясын (калкы 11 млн, аянты 1700 км²; Париждики 105 км²) түзөт. Иль-де-Франс тарыхый облусунун башкы шаары. Калкы 2,2 млн (2011).

Эл аралык аэропорттору: Вурже, Орли, Шарль де Голль (Руасси). Ири жолдор тоому.

1900-жылдан метро иштейт.

Париждин аванпорту – Гавр. Дүйнөдөгү экономикалык мааниси жогору шаарлардын бири. Европадагы активдүү ишкер борбор.

Париждин борбордук бөлүгүндө Сите аралы (дарыя нугунун экиге бөлүнүшүнөн пайда болгон) жайгашкан. Анча бийик эмес тик капталдуу калдык тоолор (бийиктиги 100-150 м) шаарды курчап турат. Климаты жумшак, мелүүн жана нымдуу. Январдын орточо температурасы -3,4°С, июлдуку 30°С. Жылдык жаанчачыны 645 мм.

Ар түрдүү машина куруу (автомобиль жана авиа, электр-техника), химия, тамак-аш, полигр., текстиль, булгаары-бут кийим ж. б. өнөр-жай ишканалары иштейт. Саркеч кийимдер жана галантерея буюмдары, белек-бечкектер чыгарылат. ЮНЕСКОнун, көп эл аралык уюмдардын штаб-квартиралары жайгашкан. Жогорку деңгээлдеги жолугушуулар, эл аралык конгресс, конференциялар өткөрүлүп турат.

Университеттер (анын ичинде Сорбонна, 1257-ж. негизделген), де Франс коллежи (1530), институттар (политехникалык, тоо-кен), тажрыйба жогорку мектеби, Франция институту (анын курамында 5 академия), улуттук китепкана (1480; сейрек кездешүүчү китептер, раритет кол жазмалар сакталган), 60тан ашык театр (ирилери: «Гранд-Опера», Элдик театр, «Комеди Франсез», улуттук элдик), консерватория, 130 музей [анын ичинде 14ү Парижге таандык, кирүү акысыз; д’Орсе, заманбап искусство, В. Гюгонун, Пикассонун, Лувр (1793; анда 400 миңден ашык экспонат бар)], Пантеон (учурда Даңк храмы; Ж.-Ж. Руссо, Э. Золя, Вольтер, жубайлар Кюрилер, Ж. Санд, В. Гюго ж. б. улуу адамдар коюлган), Майыптар үйү (азыр музей; мында Наполеондун сөөгү ташылган катафалк менен саркофаг сакталып келүүдө), Эйфель мунарасы (бийикт 315 м; шаардын символу) жана 1800дөн ашык тарыхый жерлер бар. Ж. Помпиду атнындагы искусство жана маданият улуттук борбору иштейт. 11–19-кылымдардын көптөгөн архитектуралык ансамблдери менен курулуштары, аянттар де Голь (мурдагы Жылдыздар аянты Салтанат капкасы менен), Бастилия, Ынтымак ж.б., Чоң Бульвар, Кудай эне собору, Сен-Шапель ж. б. чиркөөлөрү, Пале-Рояль ак сарайы (17-кылым), Сакре-Кёр базиликасы, Монмартр дөнсөөсү, түштүктө Тур Монпарнас мунарасы, ратуша (бул жерде 5 кылым бою өлүм жазасы аткарылып келген), Пер-Лашез көрүстөнү сакталган. Заманбап архтектура курулуштары: «Фронт Сены» (1965), Мен-Монпарнас ишкер борбору (1964-73), административдик курулуштар жана турак-жайлар, Дефанс аймагындагы Боордоштук капкасы (1976) ж. б. Парижде II, VIII олимпия оюндары (1900, 1924) өткөрүлгөн. Туризм (2011-ж. 28,2 млн турист келген) жогорку деңгээлдеги заманбап тейлөөсү менен өнүккөн. Сена дарыясынын жээги 1991-ж. Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине киргизилген.