close
Мазмунга өтүү

Убакыт алкагы

Википедия — ачык энциклопедия
("Time zone‎"‎ барагынан багытталды)
Image
Убакыт алкактары

Убакыт алкагынын эки негизги түшүнүгү бар:

  • Географиялык убакыт алканы — жер бетинин туурасы 15°ка туура келген шарттуу тилкеси (ортолук меридианга караганда ± 7,5°ка).

Гринвич меридианы — убакыт алкагынын орточо нөлдүк меридианы болуп эсептелинет.

  • Административдик убакыт алкагы — атайын бир мыйзамдарга ылайык белгилүү бир убакыт бекитилген жер бетинин аймактары. Бул түшүнүккө дагы датанын дал келиши деген түшүнүк да кирет. Мында, эгер, UTC−10:00 жана UTC+14:00 убакыт аралыктары аларда күндүн бирдей убактысы болгондугуна карабай ар кандай деп эсептелинет.

Убакыт алкактарынын түзүлүүсү бир жагынан Жердин өз огунда айланышын эске алуу менен, экинчи жагынан аймактардын жергиликтүү бирдей күн убактын айырмалары бир саатка калдыксыз бөлүнгөндөй кылып аныктоосу менен байланыштуу. Жыйынтыгында 24 административдик убакыт алкактары болуусу жана алардын ар бири географиялык убакыт алкактарына аздыр-көптүр дал келиши керек деп чечилген.

Эсептөө чекити болуп Гринвич меридианы алынган. Себеби ал нөлдүк меридиан, нөлдүк убакыт аралыгынын ортосу.

Азыркы кезде убакыт координацияланган дүйнөлүк убакыт боюнча орнотулат (UTC), ал убакыт Гринвич убакытынын ордуна киргизилген (GMT).

UTC шкаласы атом убактысынын бирдей калыпта орнотулган убакытка (TAI) жана таянат, жөнөкөй адамдарга колдонууга ылайыкташтырылган. Убакыт алкактары Жер шарынын оң (чыгышка карай) жана терс (батышка карай) деп нөлдүк меридианга карата түшүндүрүлөт. Жайкы убакытка которгон аймактарга UTCтин жайкы убакытка которулбайт.

Убакыттын чектөөнүн себептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы убакыт алкагынын заманбап системасынын негизин дүйнөлүк убакытты координциалоо болуп эсептелинет. Андан баардык алкактардын убактысы түзүлгөн. Жердин узактыгынын ар бир градусуна (же мүнөтүнө) карай бөлбөө үчүн Жер бети 24 убакыт алкагына бөлүнгөн. Бир алкактан экинчи алкакка өтүүдө мүнөт жана секунда өзгөрүлбөйт, болгону сааттын мааниси өзгөрөт. Бүткүл дүйнөлдүк убакыттан сааттары гана айырмаланбастан, мүнөттүк көрсөткүчү да 30 же 45 мүнөткө өзгөргөн өлкөлөр бар.

Жайкы убакытка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү колдонуп келет. Ага өтүүдө өздүк убакыттын дүйнөлүк убакытка карата өзгөрүлөт. Жана дагы жайкы убакытка өтүү жана кайра аны өзгөртүү баардык эле жерде бир убакытта жүрө бербейт. Эгерде түштүк жарым шарда жай болсо, түндүк жарым шарда кыш, жана тескерисинче болот.

Декреттик убакыт

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Декреттик убакытСССРде 1930—1931-жылдары киргизилген убакытты «алкактык убакытка дагы бир саат» деген система боюнча эсептөө тартиби.

Бир нече убакыт алкагы бар өлкөлөр

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кээ бир өлкөлөрдүн аймагында бир нече убакыт алкактары бар. Ал эми деңиздеги, океандагы ээликтери менен кошо кандайдыр бир өлкөлөр да бир нече убакыт алкактарына кирет:

Көпчүлүк өлкөлөр (Улуу Британия жана Франция дагы, деңиздеги ээликтеин кошпогондо) бир эле аралыкта жайгашкан. Кээ бир мамлекеттер узун жана чоң болгону менен, бир гана убакыт алкагын колдонушат. Мисалы Кытай беш географиялык алкакта жайгашканы менен, бирдиктүү Кытай убактысы менен.

Кээ бир өлкөлөрдүн аймагындагы административдик-аймактык бирдиктер эки же андан көп убакыт алкактарын колдонушат. Мисалы, Орусиядагы Якутия жана Канададагы Нунавут аймагы үч убакыт алкагын колдонушат[1].

Өлкө Убакыт алкактарынын саны Эң батыштык убакыт алкагы Эң чыгыштык убакыт алкагы Жайкы убакытка өтүү
Image Бразилия 3 UTC−4 UTC−2 Көпчүлүк бөлүгүндө алынып алынган
Image Улуу Британия 8 UTC−8 UTC
Image Гренландия 4, жайында 3 UTC-4 UTC Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
Дания 5 UTC-4 UTC+1
Image Конго Демократиялык Республикасы 2 UTC+1 UTC+2 Эч качан болгон эмес
Индонезия 3 UTC+7 UTC+9 Эч качан болгон эмес
Image Испания 2 UTC UTC+1
Image Казакстан 2 UTC+5 UTC+6 Алынып салынган
Image Канада 6 UTC−8 UTC−3:30 Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
Image Кирибати 3 UTC+12 UTC+14 Эч качан болгон эмес
Image Мексика 4 UTC−8 UTC−5 Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
Image Микронезия Федеративдик Штаттары 2 UTC+10 UTC+11 Эч качан болгон эмес
Image Монголия 2 UTC+7 UTC+8 Колдонулат
Image Нидерланддар 2 UTC-4 UTC+1
Image Жаңы Зеландия 2 UTC+12 UTC+12:45 Колдонулат
Image Португалия 2 UTC-1 UTC
Image Орусия 11 UTC+2 UTC+12 Алынып салынган
Image АКШ 6 UTC-10 UTC-5 Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
Image Украина 2, жайында 1 UTC+2 UTC+3 Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
Image Франция 12 UTC-10 UTC+12
Image Чили 2 UTC-5 UTC-3 Алынып салынган
Image Эквадор 2 UTC-6 UTC-5

Убакыт алкагынын тизмеси[2]

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Порт-Морсби) (Kilo)

Убакыт алкактарынын белгилери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Дүйнөлүк убакыт Image (жаңыртуу)
Image Кыргызстан08:32Image
Image Коста-Рика20:32Image
Image Мексика00:32Image
border-none Непал08:17Image
Image Нигерия03:32Image
Image Иран06:02Image
Image Украина05:32Image
Image Италия04:32Image
Image Перу21:32Image
Image Венесуэла22:02Image
Image БАЭ06:32Image
Image Канада(EDT)22:32Image
Image Аргентина23:32Image
Image Кытай10:32Image
Image Австралия(AEST)

12:32

Image
Image Улуу Британия03:32

Image

Image Жаңы Зеландия

14:32

Image
Image Жапония11:32Image
Image Франция04:32Image
Image Индия08:02Image
Image ТАР04:32Image
Image Испания03:32Image
Image АКШ (ET)22:32Image
Image АКШ (PT)19:32Image
Image АКШ (CST)20:32Image
Image Исландия02:32Image
Image Орусия05:32Image
Image Кирибати(LINT)16:32Image
Image
02:32 (UTC)

Географиялык атластардагы убакыт алкактары кээде баштапкы меридиандан чыгышка карай 0дөн 23кө чейинки сандар менен белгиленет. Ошондой эле, 0 убакыт алганынан баштап чыгышты карай датанын өзгөртүү сызыгына чейин +1ден +12ге чейин жана батышты карай −1ден −12ге чейин сандар менен белгилөө да колдонулат. Сандар менен катар эле убакыт алкактарынын тамга белгилери бар.

Убакыт алкактарынын тамга белгилери
GMT DST Зулу Фонетикалык аталышы

(англис тилинде)

UTC+0:00 UTC+0:00 z Зулу (Zulu)
UTC+0:00 UTC+1:00 [[UTC− [[UTC−
UTC+1:00 UTC+2:00 a Альфа (Alpha)
UTC+2:00 UTC+3:00 b Браво (Bravo)
UTC+3:00 UTC+4:00 c Чарли (Charlie)
UTC+4:00 UTC+5:00 d Дельта (Delta)
UTC+5:00 UTC+6:00 e Эхо (Echo)
UTC+6:00 UTC+7:00 f Фокстрот (Foxtrot)
UTC+7:00 UTC+8:00 g Гольф (Golf)
UTC+8:00 UTC+9:00 h Хотел (Hotel)
UTC+9:00 UTC+10:00 i Индия (India)
UTC+10:00 UTC+11:00 k Кило (Kilo)
UTC+11:00 UTC+12:00 l Лима (Lima)
UTC+12:00 UTC+13:00 m Майк (Mike)
UTC−1:00 UTC+0:00 n Новембер (November)
UTC−2:00 UTC−1:00 o Оскар (Oscar)
UTC−3:00 UTC−2:00 p Папа (Papa)
UTC−4:00 UTC−3:00 q Квебек (Quebec)
UTC−5:00 UTC−4:00 r Ромео (Romeo)
UTC−6:00 UTC−5:00 s Сьерра (Sierra)
UTC−7:00 UTC−6:00 t Танго (Tango)
UTC−8:00 UTC−7:00 u Юниформ (Uniform)
UTC−9:00 UTC−8:00 v Виктор (Victor)
UTC−10:00 UTC−9:00 w Виски (Whiskey)
UTC−11:00 UTC−10:00 x Икс-рэй (X-ray)
UTC−12:00 UTC−11:00 y Янки (Yankee)

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]