close
Мазмунга өтүү

Луанда

Википедия — ачык энциклопедия
Луанда
шаар
Луанда
Image
Image
ӨлкөАнгола
Population (2007)
  Total4 799 432
Time zoneGMT

ЛуандаАнгола Республикасынын борбору. Атлантика океанына Кванза дарыясы куйган жерде жайгашкан порточо Луанда провинциясынын административдик борбору. Калкы 2,9 млн (2009). Калкынын саны боюнча Анголадагы эң ири шаар. Эл аралык аэропорту бар. 17-кылымдан 19-кылымга чейин кул соодалоонун ири борбору болуп келген (португалиялыктар 3 млнго жакын негр кулдарды сатышкан). 1974-ж. көз каранды эместикке ээ болуп, 1992- жылдан Ангола Республикасынын борбору. Луанда өлкөнүн саясий, маданий жана финансы өнөр жайынын ири борбору. Нефть ажыратуу, тамак-аш, текстиль өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, музыка академиясы, китепканалар, музейлер (анын ичинде Ангола, Дунду) бар. Луанда португалиялык колониячылар тарабынан 1575-ж. Сан-Паулу-ди-Луанда деген ат менен негиздеген. 1975-жылдан Луанда аталат. Сан-Мигел сепили (учурда тарых музейи), 17-кылымга таандык форттор, иезуит чиркөөсү (16-к.), храм (1638-ж. чен) сакталган.